БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптарды реабилитациялоо борбору акысыз көрсөткөн кызматтардын тизмегин жарыялады.
Физиотерапия, көнүгүү терапиясы (ПФК), парафин терапиясы, массаж, стоматология (дарылоо жана тиш протездөө).
Протездөөгө даярдоо жана протездик буюмга адаптациялоо;
психологиялык жардам.
Тигүүчүлүккө, мончок токууга, сүрөт тартып, компьютердик сабаттуулукка үйрөтөт.
Акысыз кызматтарды алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалпы дарыгердик практика борборунун, Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, стационардык-социалдык мекеменин багыттамасы;
паспорт,
майыптыгы жөнүндө маалым каттын көчүрмөсү,
флюорографиянын корутундусу, кан жана зааранын анализи.
Реабилитациялоо борборунда үч маал ысык тамак берилери, атайын палатага жаткырылары кошумчаланды. Жыл башынан бери 644 киши реабилитациядан өткөнү белгиленди.
Кошумча маалымат алуу үчүн (312) 211 – 026, (312) 211 029 номерине чалуу керек.