Жумуртканы импорттоого киргизилген чектөө алып салынды

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жумуртканы импорттоого киргизилген чектөө алып салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин №538 токтомунда айтылган.
Маалыматка ылайык, чектөө 3-сентябрдан тарта алынган.
Эске салсак, Кыргызстанга жумуртканы импорттоого жарым жылга чектөө киргизилген. Мындай чечим жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алынган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай алышарын айтышкан.
Маалымат борбор
Кыргызстан жумуртка менен өзүн толук камсыздоодо