ЖККУнун Балыкчыдагы машыгууларында чалгынчылар тапшырма аткарууда. Видео

Ушул тапта Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Балыкчыдагы машыгууларда чалгынчылар дрон, тепловизор, жаңы үлгүдөгү байланыш каражаттарын колдонууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Өз ара аракеттенүү — 2024" командалык-штабдык машыгуусу менен биргеликте чалгынчылардын "Издөө" машыгуусу да өткөрүлүүдө.
"Окуу-машыгуунун алкагында чалгындоочу топтор тапшырмаларды аткаруу аймактарына жөнөп кетишти. Алардын негизги максаты куралдуу чыр-чатакты жок кылууда ЖККУнун ыкчам жооп кылуучу жамааттык күчтөрүн (ЫЖКЖК) колдонуу менен чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чалгынчылар аба ырайы катаал, шарты оор жерлерде тапшырмаларды аткарып жатканы белгиленген.
"Чалгындоочу топтор машыгуунун жүрүшүндө ар кандай типтеги учкучсуз учуучу аппараттар, тепловизорлорду, байланыш каражаттарынын жаңы үлгүлөрүн активдүү колдонуп жатышат", — деп белгилешти Коргоо министрлигинен.
"Издөө-2024" машыгуусунун жүрүшүндө чалгындоону башкаруунун биргелешкен пункту түзүлүп, төмөнкү максаттар алдына коюлган:
комплекстүү чалгын жүргүзүүнү уюштуруу;
каршылаштын чалгын объектилерине багыттап иш алып баруу;
байкоо, тыңшоо, издөө жана буктурма жүргүзүү жолу менен чалгындоо тапшырмаларын аткаруу;
алардын чалгындоо органдарынын согуштук жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү аймакка кайтып келиши жана башка.
Эске салсак, ушул тапта Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары өтүүдө. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен. Окуу-машыгууларга ЖККУ мамлекеттеринен 1500дөн ашык аскер кызматкери катышат. Анын жүрүшүнө 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемелери тартылган.
Балыкчыдагы машыгуулар: ЖККУнун өкүлдөрү даярдыкты көрүштү