Кыргызстандын делегациясы Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого катышат

Сапардын алкагында Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой менен жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган делегация тажик тараптын чакыруусу менен Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган делегация тажик тараптын чакыруусу менен Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды

2 / 2

Сапардын алкагында Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой менен жолугушту

Сапардын алкагында Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой менен жолугушту.
"Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы алака бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да көп кылымдык достуктун негизинде өнүгөрүнө тилек кылышканы белгиленди.
Тарыхтагы бурулуш учур. 1924-жылы Пишпекте өткөн курултай жана ККАОнун түзүлүшү