Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Көк бөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарын жеңиш менен баштады

Бул турнирде кыргыз улакчылары көк бөрү (тай казан менен) жана көкпар боюнча күч сынашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргыз көк бөрүчүлөрү Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алгачкы беттешинде Өзбекстан командасын 12:6 эсебинде жеңип алды.
Натыйжада кыргыз спортчулары “А” тайпасында биринчи орунду камсыздады. Топто булардан тышкары Россиянын улакчылары бар.
Турнирге кыргыз улакчылары көк бөрү (тай казан менен) жана көкпар боюнча катышууда. Ал үчүн 18 спортчу Астанага барган. Анын ичинен алтоо эки командага тең кошулуп ойной алат.
Буга чейин кыргыз улакчылары көкпар боюнча Монголия командасын 16:0 менен жеңип алган.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда чоң салтанат менен ачылды. Ага президент Садыр Жапаров да катышты. Иш-чара 13-сентябрда жыйынтыкталат.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди. Видео