Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

КР улакчылары көкпар боюнча алгачкы атаандашын 16:0 эсеби менен утуп алды

Ири мелдеш 8-сентябрда чоң салтанат менен ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын улакчылары Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча алгачкы атаандашы Монголия командасын 16:0 эсеби менен утуп алды.
Эскерте кетсек, Кыргызстан бул оюндарда көкпар боюнча да, көк бөрү боюнча да күч сынашат.
Бүгүн кечке маал улуттук команда көк бөрү боюнча мелдешке чыгып, Өзбекстан менен беттешет.
Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 18 улакчы кеткен.
Ири мелдеш 8-сентябрда чоң салтанат менен ачылды. Ага президент Садыр Жапаров да катышты. Иш-чара 13-сентябрда жыйынтыкталат.
VI көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Өзбекстанга берүүнү Кыргызстан чечти