БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Баласына камкорчу дайындабай таштап, өлкөдөн чыгып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында мигранттардын балдарын аныктоо максатында 287 миң 150 үйдү кыдырганда 84 миң 542 бала аныкталып, анын ичинен 42 миң 648и тиешелүү документтери жок туугандарында жашап жүргөн.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун негиздемесинде көбүнчө мигранттардын балдары психологиялык жана эмоционалдык стресске кабылып, ал тургай турмуштук оор шарттарга туш болуп калып жатканы белгиленген. Ал эми балдарды алып калган туугандарына же жакындарына юридикалык эч кандай милдет жүктөлбөй турганы айтылган. Бул өз кезегинде мамлекет тарабынан балага кам көрүүнү дагы татаалдаштырары жазылган.
Мындан улам Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарына камкорчу жана көзөмөлдөөчү дайындабай туруп иштөө үчүн өлкөдөн чыгып кеткен ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштоодо.
Эгерде ата-эне же аларды алмаштыруучу адам балага камкорчу жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан, бул жөнүндө камкорчу жана көзөмөлчү органдарга кабарлабастан баласын 15 күндөн ашык калтырып кетсе, тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн 15 миң сом айып салуу сунушталууда.
Ал эми Балдар жөнүндө кодекске мамлекеттик коргоонун кепилдиктери менен "эмгек мигранттарынын балдары" деген түшүнүк киргизилүүдө.