БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча оюндар башталганы турат.
Кечээ чүчү кулак тартылып, командалар тайпаларга бөлүнгөн. Бүгүн алгачкы беттештер болот.
Көкпар (тай казаны жок улак тартыш) боюнча "А" тобунда Кыргызстан, Монголия, Түркия жана Венгрия командалары бар. Ал эми "Б" тайпасында Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Россия жана АКШ ойнойт.
Оюндар саат 11:00дө башталат:
11:00 — Казакстан — Өзбекстан;
12:00 — Кытай — Россия;
13:00 — Кыргызстан — Монголия;
14:00 — Венгрия — Түркия.
Көк бөрү боюнча "А" тайпасында Казакстан, АКШ, Түркия жайгашты. Ал эми "Б" тобунда Кыргызстан, Өзбекстан, Россиянын оюндары болот.
Оюндар саат 16:00дө башталат:
16:00: Казакстан — АКШ;
17:00: Кыргызстан — Өзбекстан.