Кыргызстан — Өзбекстан футбол оюнунан улам Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Эртең Кыргызстан — Өзбекстан футбол беттешине байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор саат 18:00дөн баштап футбол бүткүчө жабык болот.
"Оюн аяктаганга чейин Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфиловго чейинки бөлүгү жана Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектинен Фрунзеге чейинки бөлүгү автоунаалар үчүн жабык болот", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-сентябрь саат 20:00дө борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын беттеши өтөт.
Бишкектеги стадион Өзбекстан менен оюнга даяр. Видео