Өлкөдө кайра иштетүү үчүн акы бекитүү сунушталууда. Токтом долбоору

Импортчулар жана өндүрүшчүлөр товар колдонулгандан кийин кайра иштетүү үчүн акы төлөшү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өлкөдө кайра иштетүүнүн акысын бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/4179 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, кайра иштетүүнүн акысы (утилизационный сбор) — бул товарлар колдонуудан чыккандан кийин кайра иштетүү үчүн төлөнүүчү акча. Ал импортчулар жана өндүрүшчүлөр тарабынан төлөнөт. Бул салыктык эмес төлөмдөргө кирет.
Кайра иштетүүнүн акысынын суммасы товардын салмагына коюлган төлөмгө (ал товардан, аны жыйноо, ташуунун чыгымына жараша айырмаланат) көбөйтүү менен аныкталат.
Сунушталган кайра иштетүү акысы (тоннасына сом менен):
бырыштырылган кагаз/картондон жасалган буюмдар — 4 793;
жөнөкөй кагаз/картондон жасалган буюмдар — 5 595;
майлоочу майлар — 8 406;
дөңгөлөктөр, резина камера жана дөңгөлөк — 12 345;
резина буюмдар (дөңгөлөктөрдөн тышкары) — 17 919;
желим таңгак буюмдар — 9 418;
пластиктен буюмдар — 11 008;
ортосу көңдөй айнек — 4 219;
компьютер жана ага кошумча жабдуулар, оргтехника — 36 356;
мониторлор, экран — 36 356;
бир жана көп жолу колдонуучу батарейкалар — 135 390;
коргошундуу батарейкалар — 7 471;
кайра заряддалуучу батарейкалар (башка) — 147 165;
жарык берүүчү электр жабдуулары — 10 659;
тиричилик техникасы — 36 356;
чакан тиричилик техникалары, кол шаймандар — 36 356;
муздаткыч жана вентиляциялык жабдуулар (кондиционер) — 36 356;
кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар (фильтр) — 11 030;
полимердик материалдардан жасалган таңгак — 9 418;
полимердик (галоген камтыган) материалдардан жасалган таңгак — 12 197;
курама материалдардан жасалган таңгак — 44 573;
бырыштырылган кагаз/картон таңгактар — 4 793;
жөнөкөй кагаз/картон таңгактар — 5 595;
айнек таңгак — 4 219.
Эске салсак, буга чейин кайра иштетүүнүн акысы боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, бир катар товарлар үчүн (жогоруда саналган) кайра иштетүүнүн акысы алынат.
Ала-Арча паркына эми унаалар киргизилбейт, конокторду электромобилдер ташыйт