Улуттук банктын алтын корунун баасы экинчи ай катары менен түшүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Августтун башына карата Улуттук банктын алтын кору 167 миллиард 148,2 миллион сомду түздү.
Июлдун башына салыштырмалуу алтындын запасы 232,2 миллион сомго арзандаган. Бул баа экинчи ай катары менен түшүп жатканынан кабар берет. Анткени июлдун башында июндун башындагыга салыштырмалуу 3 миллиард 384,9 миллион сомго арзандап кеткен.
Белгилей кетсек, алтын кордун баасы тез-тез өзгөрүп турат. 2021-жылдын майында рекорддук көрсөткүчкө жетип 99 миллиард сом болгон, бирок бир нече айдын ичинде үч эсеге арзандап, андан соң кайра ыкчам өсө баштаган. Ал эми 2022-жылдын июнь айында резервдин көлөмү 50,2 миллиард сом (үч эседен ашык өскөн), ал эми былтыр июнда 90,6 миллиард сом деп бааланган.
Улуттук банк алтын-валюта резервинин эсебинен өлкөдө улуттук валютанын туруктуулугун кармап турат.
Алтын куйма саткан дүкөн ачылды. Президент байлардын тилеги орундалганын айтты