Аскат Алагөзов дин мыйзамынын тегерегинде чагымчылыкты токтотууга чакырды

Ал соцтармактагы баракчасында блогерлердин бирөөсүнүн "дааватка каршы мыйзам кабыл алынууда" деген контексттеги билдирүүсүн мисал келтирип, чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырды.
Ал соцтармактагы баракчасында блогерлердин бирөөсүнүн "дааватка каршы мыйзам кабыл алынууда" деген контексттеги билдирүүсүн мисал келтирип, чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керектигин эскерткен.
"Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү "от менен ойногонго" тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун "дааватка каршы" деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап, өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам", — деп жазды Алагөзов.
Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Кийин бул маселе боюнча Садыр Жапаровдун төрагалыгында кеңешме өтүп, мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турганы кабарланды.
Эксперт: мыйзам исламды, мусулмандарды коргоого багытталган