Бишкекте өзбек футболчуларын калпак кийгизип тосуп алышты

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында оюн өткөрүү үчүн борбор калаага өзбек футболчулары келди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун өкүлдөрү 8-сентябрь күнү "Манас" эл аралык аэропортунан Өзбекстандын футбол боюнча курамасын тосуп алышты.
Коңшу мамлекеттин курамасы Бишкекке 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан —Өзбекстан беттешине катышуу үчүн келишти.
Өзбекстан курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизилип, белектер тапшырылды.
Эске салсак, оюн 10-сентябрь күнү саат 20:00дө борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.
Бишкектеги стадион Өзбекстан менен оюнга даяр. Видео