Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Россия тамаша кылбайт". АКШда украин армиясынын жаза басканынан кийин үн катышты

Офицердин айтымында, Полтава аскердик институтуна жасалган чабуул бүт дүйнөгө россиялык аскердик күчтөрдүн олуттуулугун көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиялык аскерлердин Полтава аскердик институтуна чабуул жасашы Украина армиясы үчүн чоң жоготуу болуп калды. Бул туурасында Пентагондун отставкадагы кеңешчиси полковник Дуглас Макгрегор X социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди.
Отставкадагы офицердин айтымында, Полтава аскердик институтуна жасалган чабуул бүт дүйнөгө россиялык аскердик күчтөрдүн олуттуулугун көрсөтүп, стратегиялык туура жүрүш болду.
"Россия тамашалап турган жери жок... Чабуул жасалган аскердик институт стратегиялык туура бута болду. Бул жерде куралдануу системалары жана аба техникаларын башкаруу боюнча украиналык офицерлер окуудан өткөрүлгөн", — деп белгиледи ал.
Шаршемби күнү, 2-сентябрда, Полтавада аба айгайы салынып, андан соң эки жарылуу жаңырган. Россиянын Коргоо министрлигинен армия Украинанын Куралдуу күчтөрү окуп-машыккан №179 бирдиктүү борборуна таамай тактык менен сокку урганын кабарлашты. Ал жерде чет элдик инструкторлор Россиянын объектилерине чабуул коюу боюнча украиналык адистер окутулуп келген.
РИА Новостиге жогорку кызматтагы аскерий маалымат булагы чабуул учурунда 500 адис каза тапканын, анын ичинде европалык жалданма аскерлер да болгонун белгилешти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинанын кадамынан кийинки Россиянын аракетинен чочулап турат