Радио

Адис дем берүүчү гранттар кантип бөлүштүрүлөрүн айтып берди

Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Болотбек Касымов жаштарды колдогон долбоорлорго артыкчылык берилерин айтты.
Sputnik
Дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилет. Тогуз кишиден турган комиссия түзүлүп, приоритеттүү долбоор тандалат. Бул тууралуу Болотбек Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын курамындагы төрт киши кызматтагы адамдар, бешөө мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлү болушу керек.
"Комиссия райондун алкагында иш алып барып, приоритеттүү долбоорду жеринде аныктайт. Андан кийин долбоорлорду Финансы министрлигине жөнөтүшөт. Ага ылайык, министрлик тарабынан да комиссия түзүлүп, келген долбоорлор бекитилет. Бирок алар аймактан келген тизмени өзгөртүүгө укугу жок. Райондон кайсы долбоор артыкчылыктуу деп тандалып алынса, ал өзгөрүүсүз калат. Долбоор региондордун деңгээлинде критерийлер менен упайлардын негизинде тандалат. Жергиликтүү бийлик органдары, эң биринчи, тургундарга шарт түзүп бериши керек. Мисалы, бир айыл өкмөттөн эки долбоор келип түштү. Бири административдик мекемени оңдоп-түзөө болсо, экинчиси бала бакчаны ремонттон өткөрүү дейли. Бул жерде жергиликтүү калктын жаштарына жумшалуучу долбоор деген критерийдин негизинде бала бакча приоритеттүү долбоор болуп автоматтык түрдө өйдө жылат. Андан кийин административдик болот. Башкача айтканда, тургундардын көйгөйүн чечүүчү долбоор биринчи каралат. Ушул жылдын жети айында 112 долбоор каржыланды. Каржылоонун да тартиби бар. Тартип боюнча, долбоор бекигенден кийин айыл өкмөтү конкурс өткөрүшү керек. Анын негизинде подрядчы уюмду тандоо үчүн тендер жарыяланып, келишимдер түзүлөт. Негизи министрлик ишканаларга алдын ала эмес, пландалган ишти аяктап отчётун тапшыргандан кийин акчасын төлөйт", — деди Касымов.
Ал быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен жалпы 439 долбоор 1,5 миллиард сомго каржыланарын кошумчалады.