Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Хакасиянын алакасын чыңдоого ири салым кошуп жаткандар

Sputnik
Кыргызстан менен Хакасиянын жалпы этномаданий жана тилдик байланыштары терең тарыхый тамырларга ээ. Соңку жылдарда ар түрдүү деңгээлде, анын ичинде коомдук уюмдардын жана айрым ишмерлердин күч-аракети менен байланыштар жана кызматташуу күчөдү. Бул багытта учурда абал кандай? Кандай иш-аракеттер жүрүп жатат? Келечекте эки элдин алакасын жакшыртуу багытында кандай аракеттер көрүлөт?
Ушул жана башка суроолорго Хакасиядагы кыргыздардын «ОРДО» аттуу коомдук уюмунун төрагасы Мамырбек Садыков жооп берди.