Чокуларды каптаган таштанды — экоактивисттер Ленин чокусундагы таштандыларды тазалашты

Sputnik
Эл аралык экологиялык экспедиция Кыргызстандын эң бийик чокулары болуп саналган Ленин (7134 метр) менен Хан-Теңирге (7010 метр) чыгып келишти. Альпинисттер тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруп, экотуризм идеяларын жайылтууну көздөшкөн. Альпинисттер тоолордогу эскирген аркандарды, желимдерди жана башка альпинисттик таштандыларды тазалашты. "Таза Ала-Тоо" долбоору тууралуу Туристтик агенттиктердин биринин негиздөөчүсү Жунус Маметов жана экоактивист Айсулуу Кольбаева кенен сөз кылышты.