Радио

Сакыев: жаш илимпоздор мамлекеттик жумушка келбей калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караган Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев илимпоздордун айлыгы аз болгондуктан жаштар келбей жатканын айтты.
Sputnik
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинде жаш адистер аз. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө.

"Биздикиндей спецификалык жумуштарга, тилекке каршы, жаш адистер келбей жатканы байкалууда. Үйрөнгөн кадрлар чет өлкөгө чыгып кетип же айлыгы көп компанияларга кирип кеткенин көрүп жатабыз. Муну чоң көйгөй деп эсептейм. Маяна өтө аз болуп, жаш адистер такыр келбей калган учур болгон. Соңку 5-6 жылдан бери маяна көбөйүп, кырдаал жакшырды. Азыр министрлик биздин адистердин айлыгын көтөрүү аракетин көрүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып геология, метеорология, география же экология тармагында билими бар жаштарды катарыбызга чакыра кетмекчимин", — деди Сакыев.

Ошондой эле жаш адистерди тартуу үчүн ЖОЖдор менен кызматташуу кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.