Министрлик кыргызстандыктарды 14-сентябрда ишембиликке катышууга чакырат

Ишембиликте жашоочуларга таштандыны иргеп чогултууга чакырыктар жасалат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 14-сентябрда республика боюнча масштабдуу ишембилик өтөт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кайдыгер карабаган жарандарды иш-чарага катышууга чакырат.
Мекеменин маалыматы боюнча, акциянын негизги максаты — таштандыны өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу, жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу.
"Бул ишембиликте жарандарга таштандыны иргеп чогултууга чакырыктар жасалат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ленин жана Хан-Теңири чокуларындагы таштандылар тазаланат. Видео