Трамп Путиндин Камала Харристи колдоп жатканы катуу тийгенин айтты

Америкада президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Владимир Путиндин алдыдагы шайлоодо Камала Харриске колдоо көрсөтүү чечими катуу тийгенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып Москва АКШда боло турган президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы Жо Байден сунуштагандай Камала Харристи колдоорун билдирген. Анын айтымында, демократтардан чыккан талапкердин шатыра-шатман күлкүсү баары ойдогудай дегенди түшүндүрөт.
"Мен Путинди жакшы билчү элем. Ал Камаланы колдой турганын айтты. Мага бул өтө катуу тийди", — деген Трамп Висконсин штатында тарапташтары менен жолугуп жатып.
Экс-президент РФ башчысы эмнеге мындай чечим чыгарганына да кызыгып, аны шахматист деп атаган. Трамптын баамында, Путин бул билдирүүсүн какшык иретинде да айтышы мүмкүн. Президенттикке талапкер буга маанай чөгөрбөй турганын белгиледи.
Өз сөзүндө Трамп дагы бир ирет бийлик башында болсо украин жаңжалына жол бермек эместигин айтты.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Анда Демократиялык партиядан Камала Харрис, республикачылардан Дональд Трамп өлкө башчылык кызмат үчүн ат салышмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ЖМК Трамп шайлоодон жеңсе Украинанын келечеги кандай болорун жазды