Туткундар боюнча эпке келүү талабы. Тель-Авивде жарым миллион киши митингге чыкты

Алтынчы күн сайын өтүп жаткан акция Тель-Авивдин борборундагы өкмөттүк имараттардын алдында, Коргоо министрлигинин штабы жайгашкан жерде болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ишемби күнү 11 айдан бери палестиналык радикалдар Газа секторунда барымтада кармап турган туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талабы менен 500 миң израилдик митингге чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Массалык нааразылык акциялары дээрлик өлкө боюнча өтүүдө. Митингчилер барымтадагылардын өлүмүнүн жоопкерчилигин Израилдин өкмөтүнө жүктөп жатышат.
Алтынчы күн сайын өтүп жаткан акция Тель-Авивдин борборундагы өкмөттүк имараттардын алдында, Коргоо министрлигинин штабы жайгашкан жерде болууда. Ал жакка Тез жардам кызматы жана полиция тартылган. Күч түзүмдөрү башаламандыкты алдын алып, жолдорду тосуп койду.
Миңдеген демонстрантка ХАМАС туткунунан бошотулган россиялык Андрей Козлов кайрылып, Газадагы калган адамдарды бошотуу боюнча макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды.
"Лидерлерибизден мүмкүнчүлүктү кое бербөөсүн талап кылышыбыз керек, барымтадагылар унутта калбашы шарт. Убакыт өтүп жатат, аларды үйлөрүнө азыр кайтаргыла", — деди ал.
Козлов жана дагы үч туткун 8-июнда Израиль армиясынын Газа секторундагы Нусейрат качкындар лагеринин аймагында жүргүзгөн комплекстүү операциясынын натыйжасында бошотулган.
Ал эми массалык демонстрациялар Израилде Газада алты туткун өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарагандан кийин башталган.
Эскерте кетсек, Каир менен Дохада бир нече жумадан бери Газа боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат, анткен менен тараптар кандай жыйынтыкка келип, эмне болгону белгисиз.
Израиль армиясы "Хезболланын" миңдеген снаряддары жок кылынганын билдирди