Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Саясий талдоочу: НАТО ачык согуштун башталышына чагым жасап жатат

Эксперт соккулар Батыш менен макулдашылганын, анткени стратегиялык деңгээлде Киев режими өз алдынча чечим кабыл албасын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. НАТОго мүчө мамлекеттер Россиянын аймагына соккуларды координациялоо менен орустардын жооп кылышын, натыйжада европалыктарды өлтүрүүгө айыптап согуш баштоосун каалашууда. Бул божомолду журналист жана геосаясий талдоочу Пепе Эскобар жасаганын РИА Новости жазды.
Эксперт Чыгыш экономикалык форумунда Россиянын аймагына соккулар барган сайын күч алып жатканын айтты. Анын баамында, соккулар Батыш менен макулдашылган. Анткени стратегиялык деңгээлде Киев режими өз алдынча чечим кабыл албайт.
"Алар (НАТО мамлекеттери - ред.) Россияны жооп берүүгө түртүп чагым жасап жатышат. Бул жагдайда "Россия европалыктарга кол салууда" демиш болуп, "бешинчи беренеге" (Түндүк атлантика келишиминин бешинчи беренесинде блоктун бир мүчөсүнө кол салуу баарына чабуул катары бааланары жазылган) кайрылышы мүмкүн", — деди Эскобар.
Чыгыш экономикалык форуму 3-6-сентябрда Владивостоктогу Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өттү. Sputnik аталган форумга башкы маалыматтык өнөктөш болду.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-августта Курск облусунун аймагын басып алуу максатында чабуул жасаган. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жүрүшү токтотулганын, Курсктагы операция душманды талкалоо жана орус аскерлеринин мамлекеттик чек арага чыгышы менен аяктай турганын айткан. Коргоо министрлиги билдиргендей, Курскини салгылашууларда душман 10,4 миңден ашык аскер кызматкерин жана 81 танкасын жоготкону айтылууда.
Россия президенти Владимир Путин Киев режими чагым жасаганын, анын ичинде жарандык объектилерди аткылап жатканын билдирди. Путин душманга татыктуу жооп болорун, Россия өз максаттарына жетерин айткан.
Курск, Белгород жана Брянск облустарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн контртеррористтик режим киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тарткан эмес