Оштогу ооруканада үчүнчү "Эл аман" дарыканасы ачылды. Сүрөт

Оштогу ооруканада үчүнчү Эл аман дарыканасы ачылды
Учурда республика боюнча 86 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында "Эл аман" аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Церемония открытия очередной государственной аптеки Эл Аман в Ошской межобластной объединенной клинической больнице
Дарыкананын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Аталган ооруканада буга чейин мындай дарыканадан экөө ачылган. Министрлик ал жактан карапайым калк дары каражаттарын жеткиликтүү баада ала аларын белгиледи.
Учурда республика боюнча 86 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
Дарыканадагы фармацевт. Архив
Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Лицензиясы жок болсо жабылат