Кыргызстандык окуучулар эки сабактан эл аралык олимпиадага катыша алат

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга ээ болгондорго аталган институтка окууга тапшырууда кошумча упайлар берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Москвада физика-математика институту 9-10-11-класстын окуучулары арасында олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Маалыматка ылайык, математика боюнча олимпиаданын биринчи туру 28-сентябрда болот, экинчиси 5-октябрда өткөрүлөт. Ал эми физикадан жарыштын биринчи туру 29-сентябрга, экинчи туру 6-октябрга белгиленген.
Олимпиадага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан окуучулар катыша алышат. Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга ээ болгондорго аталган институтка окууга тапшырууда кошумча упайлар берилет. Тагыраагы, окуучулар олимпиадага катышуу менен Москвадагы физика-математика институтунда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзсө болот.
Таймаш онлайн форматында бул сайтта өткөрүлөт. Катышууну каалагандар шилтеме аркылуу https://phystech.international/ өтүп, катталышы керек. Мындан тышкары, сайтта окуучулардын даярдыктары үчүн материалдар да камтылган.
Москвада эл аралык жаштар олимпиадасы өтөт