Радио

Суранбаев: медиктер маймыл чечегине каршы турууга жыл башында даяр болушкан

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Султан Суранбаев маймыл чечегин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөр жүрүп турушу керектигин айтты.
Sputnik
Маймыл чечегин өлкөгө алып кирбөө үчүн жыл башынан тарта даярданганбыз. Аэропорттордо, чек ара аркылуу өткөрүү пунктуларында эпидемиологдор иштешүүдө. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер кирип-чыккан адамдарды сөзсүз тепловизордон өткөрүп жатышат.

"Маймыл чечеги Кыргызстанда жана Орто Азияда катталган жок. Жыл башынан тартып ооруну алдын алуу үчүн чоң аракеттерди жасап жатабыз. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кытай менен катташып тургандыктан чек арада 12 санитардык көзөмөл пункту бар. Эгерде эпидемиологиялык абал начарлап кете турган болсо кошумча ачууга даярбыз. Ал жерде эпидемиологдор иштейт, бөлөк өлкөдөн келгендерди тепловизордон өткөрүп жатышат. Тепловизор адамдын дене табы жогорулаганын көргөзөт. Ошол учурда симптомдор аныктала турган болсо дароо өзүнчө изоляциялап, тиешелүү ооруканаларга жөнөтөбүз. Диагнозун тактаганга чейин ошол жакта кармашат. Бүгүнкү күндө бизге эң эле коркунучтуусу сырттан келген жарандар, студенттер болууда. Белгилүү болгондой, Пакистанда бир учур катталган. Ал эми бизде пакистандык студенттер көп. Ошондуктан өлкөгө кирип-чыккандар сөзсүз медициналык кароодон өткөрүлүп, лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Маймыл чечегине тестти өзгөчө Африка өлкөлөрүнө кирип-чыккандар тапшырышат", — деди Суранбаев.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө келип-кеткен 148 адамга лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.