Ысык-Көлдүн бетиндеги тактар боюнча министрлик түшүндүрмө берди. Видео

Расмий орган мындай көрүнүш жыл сайын эле кездешерин, бирок так жообу анализдин жыйынтыгы менен берилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Соцтармакта Караколдо тартылган делген видео тарады.
Анын автору суу бетиндеги тактар кеменин майы болушу ыктымал экенин божомолдогон.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Максат Кыштообаев окуя боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Жыл сайын июлдун аягынан сентябрга чейин көл жээгинде өскөн карагайлардын пырларын шамал учурат. Ал чогулганда майга окшоп калат. Бул — кадимки көрүнүш. Биз суунун анализин алдык, жыйынтыгы бир жумадан кийин белгилүү болот", — деген Кыштообаев.
Министрлик кыргызстандыктарды 14-сентябрда ишембиликке катышууга чакырат