БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Стадионду оңдоп-түзөө иштери июнь айында башталган. Ал жаңылангандан кийин эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленген.
Ал эми андагы алгачкы оюн 10-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда болот.