Бокс боюнча Азия биринчилигинде 10 өспүрүм байгелүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн Азия биринчилигинде Кыргызстандан барган 10 мушкер байгелүү орунга илинди. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Медер Мамакеев билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир Абу-Даби шаарында өтүп, ага 15 спортчу барган.
Алтын медаль алган Камил Шар
Алтын медаль:
Камил Шар, 67 кг.
Күмүш медаль:
Ризван Исаев, 52 кг;
Назарбай Кендирбаев, 70 кг.
Коло медаль:
Ташкул Амангелдиев, 35 кг;
Жасурбек Икромидинов, 37 кг;
Ариет Санжарбеков, 40 кг;
Муслим Паншер, 43 кг;
Нурсултан Жумалиев, 46 кг;
Темирлан Абыталиев, 55 кг;
Улукбек Абдуманбетов, 64 кг.
Бишкектеги стадион Өзбекстан менен оюнга даяр. Видео