Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарга ылайык, ал бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.
Делегациянын курамы:
мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
КР президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Астанада 8-13-сентябрда өтөт. Анын ачылышы бүгүн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Көчмөндөр оюну. Акылбек Жапаров курама команданы Астанага узатты