Ала-Арча паркына эми унаалар киргизилбейт, конокторду электромобилдер ташыйт

Туманбаев өзгөрүүлөр туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу менен бирге парктын экологиясын коргоону көздөй турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жакынкы айларда Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцбаракчасынан кабарлады.
Анын айтымында, келгендерди парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт.
"Конокторго ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Автоунаалардын ордуна электр унааларын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат. Мындан тышкары, келечекте биз жаңы А-Фрейм үйлөрүн жана кооз тоолордун көрүнүшү бар мейманкана курууну пландап жатабыз", — деди Туманбаев.
Ал өзгөрүүлөр туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу менен бирге парктын экологиясын коргоону көздөй турганын кошумчалады.
Радио
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 9 айда 86,1 млн. сом киреше тапты