Кыргызстан — Өзбекстан беттеши: Ташиев футболчуларга ийгилик каалады

Ташиев кыргыз футболчулары Азиянын алдыңкы командалары менен теңтайлаша аларын далилдегенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстан футбол командасы Азиянын мыкты командалары менен теңтайлаша аларын далилдеди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
1 / 3

Кыргызстан футбол командасы Азиянын мыкты командалары менен тең тайлаша аларын далилдеди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын Кыргыз футбол союзунан кабарлашты

2 / 3

Ал бүгүн "Мурас Юнайтед" клубунун базасында өткөн машыгуунун алдында футболчулар менен жолугуп, ийгилик каалаган.

3 / 3

Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы Кыргызстан — Өзбекстан футбол беттеши 10-сентябрда Бишкекте болот

Маалыматка ылайык, ал бүгүн "Мурас Юнайтед" клубунун базасында өткөн машыгуунун алдында футболчулар менен жолугуп, ийгилик каалаган.

"Акыркы Иран менен өткөн беттеш биздин өлкөнүн курамасы Азиянын эң мыкты командалары менен теңтайлаша ойной ала тургандыгын далилдеди. Келе жаткан оюндарда, өзгөчө 10-сентябрда Өзбекстанга каршы боло турган беттешти биз жана кураманын күйөрмандары чоң үмүт менен күтүп турат!" — деген Ташиев.

Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы Кыргызстан — Өзбекстан футбол беттеши 10-сентябрда Бишкекте болот.
Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары команданы колдоого чакырды. Видео