Кар, жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Ысыктын илеби күн сайын кайтып баратканын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Анда аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат.
Бишкекте 9-сентябрда күндүз жаан жаайт. 10-14-сентябрда күн ачык болот.

Чүй

9-10-сентябрда күндүз жана 11-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт. 8-12-14-сентябрда күн ачык болот.

Талас

8-сентябрда жаан чачын болбойт. Эртеси, 9-сентябрда жана 10-сентябрда айрым жерлерде жаан жаайт. 11-14-сентябрда күн ачык болору айтылды.

Ош

9-сентябрда айрым жерлерде жаан жааса, 11-сентябрда тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми 10-12-14-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад

9-сентябрда айрым жерлерде, 10-сентябрда күндүз жана 11-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт. 12-14-сентябрда асман ачык болот.

Баткен

9-сентябрда гана күндүз айрым жерлерде жаан жаай турганы божомолдонду. Калган күндөрү күн ачык болот.

Ысык-Көл

Аймакта 12-13-сентябрда аба ырайы ачык болмокчу. Калган күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

Нарын

9-10-11-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт.
Шашылыш билдирүү! Апта этегинде аба ырайы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт