Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылды. Видео

Парадды Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргызстан курамасы ачып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы болду.
“Астана Арена” стадионунда 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашык спортчу басып өттү. Парадды Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргызстан курамасы ачып берди.
Ал эми парадды үй ээси катары Казакстандын спортчулары жыйынтыктады.
1 / 7

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы болду

2 / 7

“Астана Арена” стадионунда 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашык спортчу басып өттү

3 / 7

Масштабдуу театралдаштырылган маданий иш-чара тартууланды

4 / 7

Салтанатта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев, Татарстандын раиси Рустам Минниханов жана башка жогорку даражалуу коноктор отурду

5 / 7

Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат

6 / 7

Масштабдуу театралдаштырылган маданий иш-чара

7 / 7

Масштабдуу театралдаштырылган маданий иш-чара

Мындан тышкары, масштабдуу театралдаштырылган маданий иш-чара тартууланды.
Салтанатта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев, Татарстандын раиси Рустам Минниханов жана башка жогорку даражалуу коноктор отурду.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн атынан 181 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышмакчы.
Бишкектеги стадион Өзбекстан менен оюнга даяр. Видео