Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Маани-маңызы жок чабуул. АКШда Украинанын Курскидеги аракеттерине баа берилди

Аналитик Украина Куралдуу күчтөрү кишинин саны боюнча да, техника жаатында да чоң жоготууга учураганын, аларды дароо алмаштырууга да чамасы чак экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Украина Курск операциясында максатына жеткен жок, ал эми Куралдуу күчтөрү эбегейсиз чоң жоготууга учурады. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Judging Freedom YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Чынында эле маани-маңызы жок чабуул болуп калды", — деди эксперт.
Жонсондун айтымында, Россия украин армиясынын Курскидеги аракетине шашпастан, дүрбөлөңгө түшпөй жооп берди. Аналитик Украина Куралдуу күчтөрү кишинин саны боюнча да, техника жаатында да чоң жоготууга учураганын, аларды дароо алмаштырууга да чамасы чак экенин белгилеген.
РФ Коргоо министрлиги ишемби күнү Курскидеги согуштук аракеттер учурунда Россия армиясы 10 700 аскер кызматкерин, 84 танк, 41 аскер машинасын, 74 бронестранспортер, 609 аскердик сооттолгон машина, 348 автоунаа, 82 артиллериялык курал, залптык от реактивдүү системасынын 24 түзүлүшүн, ошондой эле АКШдан чыгарылган жети М142 HIMARS жана беш М270 MLRS ракеталарын жок кылганын билдирген.
Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына 6-август күнү чабуул коюп, РФ армиясы тарабынан көп тереңдебей токтотулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Курск АЭСин жардырууну пландаганын туткун айтып берди