Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Кабарга ылайык, ал бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат. Делегациянын курамына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов; Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов; Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев кирди.Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл Астанада 8-13-сентябрда өтөт. Анын ачылышы бүгүн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.
10-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Өзбекстан менен ойнойт. Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө башталат. 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилди. Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.
Украина Курск операциясында максатына жеткен жок, ал эми Куралдуу күчтөрү эбегейсиз чоң жоготууга учурады. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Judging Freedom YouTube-каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.Жонсондун айтымында, Россия украин армиясынын Курскидеги аракетине шашпастан, дүрбөлөңгө түшпөй жооп берди. Аналитик Украина Куралдуу күчтөрү кишинин саны боюнча да, техника жаатында да чоң жоготууга учураганын, аларды дароо алмаштырууга да чама-чаркы чак экенин белгилеген.