Ысык-Атада санитардык дарыгер 10 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Видео

Милиция башкы дарыгерге карата кафени ижарага алып иштеткен адамдан арыз түшкөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Ата райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы дарыгери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Милиция башкы дарыгерге карата Новопокровка айылындагы кафелердин бирин ижарага алып иштеткен адамдан арыз түшкөнүн билдирди.
Жабырлануучу арызында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы дарыгери "кафени текшеребиз" деп коркутуп, оң жыйынтык чыгарып берүү үчүн ай сайын 10 миң сомдон талап кылып келгенин жазган.
Факт боюнча "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен иш козголду. 10 миң сом пара алып жаткан жеринен 36 жаштагы башкы дарыгер жана 27 жаштагы айдоочусу кармалганы маалымдалды. Дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Сузакта криминал менен байланышта делип айылдык кеңештин экс-депутаты кармалды