Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды

Августта Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыялап, эки орун басары кызматтан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бектур Алиев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалганын президенттик администрация маалымдады.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин 27-августта Улуттук банктын төрагасынын дагы бир орун барасы кызматына Азат Козубеков дайындалган.
Эске салсак, 23-августта президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучун жараткан.
"Улуттук банктын төрагасынын орун басары Жакыпов ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотулса, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн төрага Мелис Тургунбаев сөгүш алды. Дагы бир орун басары Кайып Куленбеков берген арызынан улам иштен кетти", — дешкен президенттин маалымат кызматынан.
Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча комиссиянын директору кызматынан бошотулду