Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан: Украинанын позициясын катуу кармануу Европаны жакшылыкка жетелебейт

Венгрия премьери Россия менен Украинанын согушун токтотуу Европанын кызыкчылыгында экенин, бирок ал, тескерисинче, согуштун катышуучусу болуп баратканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Европа Украинанын позициясын катуу кармануу менен өзүнө зыян келтирүүдө. Мындай оюн Венгриянын премьери Виктор Орбан Черноббьодогу экономикалык форумдун алкагында Corrierre della Sera гезитине билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Европанын кызыкчылыктарын коргогондун ордуна өзүбүздүн позициябызды Украинаныкына байлап алдык. Абал барган сайын бизди жаңжалга жетелеп баратат. Бул Европа үчүн жакшы эмес, тескерисинче, өтө кесепеттүү", — деген ал.
Орбан жаңжалды токтотуу Европага маанилүү болуп турса да согуштун катышуучусу болуп баратканын кошумчалаган. Ал ошондой эле согушту токтотуу үчүн биринчи кадам тынчтык планын сүйлөшүү эмес, атышууну токтотуу болушу керектигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен дипломатиялык байланышты жандандыргыла. Орбандын ЕБге сунушу