Times: Украинада Россия менен кызматташкан деп 1,5 миңдей киши соттолгон

Алар Россия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу программасына катышууну көздөп жатышканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Украинада Россия менен кызматташкан деп 1,5 миңдей киши соттолгонун РИА Новости Times газетасына шилтеме берип жазды.
"Украинанын прокуратурасы атайын операция башталгандан бери 8 миңден ашуун кылмыш ишин козгоду. Болжол менен 1,5 миңдей киши Россия менен кызматташкан деп абактарда жатат", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын кызматкерлери түрмөдөгүлөр менен сүйлөшкөн. Дээрлик бардыгы Россия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу программасына катышууну көздөй турганын айтышкан.
Февралда британиялык The Guardian газетасы Украинанын коопсуздук кызматы "Россия менен кызматташтыгы бар" делген адамдарга 8,1 кылмыш ишин козгогонун билдирген. Бул ишке айыпталган украиналыктар башкаларга кошулбай атайын абактарда отура турганы да айтылган.
Украинада мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталгандар 15 жылга чейин кесилет же мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми "Кызматташуу" (коллаборационизм) үчүн каралган жазада 170 миң гривенге (4,6 миң доллар) чейин айып пул салып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тарткан эмес