Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык ЖМК Трамп шайлоодон жеңсе Украинанын келечеги кандай болорун жазды

Европада Украинаны колдоо улантылып келгени менен тынчтыкты жөнгө салып, чыңалууларды азайтууга чакырыктар күчөп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Эгерде АКШ президенти кайрадан Дональд Трамп болуп калса Евробиримдиктин өлкөлөрү Украинаны Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө бир топ жеңилдиктерге барууга мажбурлашы мүмкүн. Мындай пикирин европалык эксперттер Foreign Affairs журналына билдиргенин РИА Новости жазды.
Эл аралык мамилелер мектебинин башчысы Филлипс О'Брайендин жана Улуу Британиянын аскердик абадан коргонуу күчтөрүнүн отставкадагы маршалы Эдвард Стрингердин пикиринде, Европа өлкөлөрү Россияга каршы киргизилген чектөөлөрдөн жана Киевге колдоо көрсөтүүдөн улам олуттуу экономикалык көйгөйлөргө тушугушат. Мындай кесепеттер өкмөттөрүн калк арасындагы нааразычылыктарды эске алууга мажбурлап, түрдүү басымдарды жаратышы мүмкүн.
"Украинанын айынан Европа өлкөлөрү бири-бирине каршылаша башташы ыктымал. Шайлоодон Трамп утуп чыгып АКШ "оюндан четке чыкса", анда Батыш Европанын көптөгөн мамлекеттери Украинаны Россия менен сүйлөшүүлөрдө бир топ жеңилдиктерге барууга мажбурлоо туура жол деген чечимге келишет", — деп айтылат макалада.
Эксперттер Европада Украинаны колдоо улантылып келгени менен барган сайын анда тынчтыкты жөнгө салып, чыңалууларды азайтууга чакырыктар күчөп жатканын кошумчалашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Эгерде Трамп жеңип калса..." ЕБ Украина боюнча алдын ала план түзүүдө