Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Садыр Жапаров Астанада өтчү Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

Ири оюндун ачылышы эртең, 8-сентябрда, болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстанда өтчү V Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаров эртең, 8-сентябрда, Астанада болот.
Оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчу катышат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан ДКОнун демилгечиси болуп саналат. Оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси Казакстанда болгону турат. Ал эми аталган оюндар 2026-жылы Өзбекстанда өтөт.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Көчмөндөр оюну. Акылбек Жапаров курама команданы Астанага узатты