Америкалык журналист АКШ менен Россиядагы сөз эркиндигин салыштырды

Шаршембиде АКШ "Россия сегодня" медиатобуна – РИА Новости, Russia Today, Sputnik, Ruptly ЖМКларына санкцияларды киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Эгерде россиялык ЖМКлар менен кызматташкан АКШнын деңиз жөө аскерлери Чалгындоо кызматынын экс-офицери Скотт Риттер жана Американын жарандыгы бар россиялык саясат таануучу Дмитрий Саймстын мүлктөрү эркин делген Америкага жеткиликтүү эмес аймакта, мисалы, РФте болгондо, анда аларга карата куугунтуктар болмок эмес. Мындай оюн РИА Новости агенттигине америкалык журналист Жексон Хонкл билдирген.
Шаршембиде АКШ "Россия сегодня" медиатобуна – РИА Новости, Russia Today, Sputnik, Ruptly ЖМКларына санкцияларды киргизген. Жаңы чектөөлөр "Россия сегодня" медиатобунун жана RT телеканалынан башкы редактору Маргарита Симоньянга жана бир катар топ-менеджерлерге карата киргизилген.
Риттер бул санкциялардан улам RT жана Sputnik менен кызматташууну токтотууга мажбур экенин айтып, россиялык кесиптештерине кесипкөйлүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирген.
"Россиянын ЖМКларына каршы санкциялар жана бардык куугунтук, көзөмөлдөр мени баары бир токтото албайт. Себеби мен Россиядамын. Азыр мен коопсуз жердемин. Россияда сөз эркиндиги жок, ал эми Америкада бар деп айтышат. Мына, мени карап көргүлө. Эгерде Скотт Риттер Россияда болгондо анын паспортун алып коюшмак эмес. Эгерде Дмитрий Саймстын картиналары жана башка буюмдары Россияда болгондо аны ФБР уурдамак эмес", — деген Хинкл Чыгыш экономикалык форумунда агенттиктин кабарчысына.
Июнь айында Скотт Риттер РИА Новости агенттигине АКШнын Бажы-чек ара кызматынын кызматкерлери учакка отурарда Мамдепартаменттин "буйругу" менен анын паспортун алып коюшканын, ага Россияда өтө турган Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууга мүмкүндүк беришпегенин билдирген. Августта АКШнын иликтөө федералдык бюросу агенттикке Дмитрий Саймстын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматты тастыктаган. Анда бюро бул чара Америка сотунун чечиминин негизинде болгонун билдирген. Ал эми саясат таануучу өзү ага тинтүү болору тууралуу алдын ала маалымдашпаганын, 2022-жылдын октябрь айынан бери Америкага барбаганын, Москвада жүргөнүн айткан.
ЖМК: америкалык медиа RT менен кызматташкан деген жүйө менен блогерди иштен алды