Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. График

"Бишкек газ" кызматы абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. 9-13-сентябрь аралыгында Бишкектин айрым аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу "Бишкек газ" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
Төмөнкү аймактарда газ убактылуу өчүрүлөт:
Садырбаев, Гагарин, Асаналиев, Алтымышев көчөлөрү — 9-10-сентябрь күндөрү;
Жибек Жолу, Турусбеков, Күрөңкөев, Профессор Зима көчөлөрү — 11-12-сентябрь күндөрү;
"Жаштар кварталы" турак жай комплекси — 10-13-сентябрь күндөрү.
"Бишкек газ" кызматы абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз", — деп жазылган маалыматта.
Министрлик: Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин 80%ы аяктады