Радио

Ибраев: күндөн, шамалдан электр энергиясын алып импорттун ордун толтурабыз

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан бир жылда 17 миллиард 800 миллион киловатт-саат электр энергиясын колдонорун айтты.
Sputnik
Кыргызстан 4 миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясын башка өлкөлөрдөн алат. Бул тууралуу Таалайбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дал ушул импорттолгон электр энергиясынын ордун күн, шамал энергиясы менен толтуруу багытында иштер жүрүп жатат.
"Бизде суу көп болгондуктан негизги көңүл гидроэнергетикага бурулган. Бирок өзүбүздө жетишпей, сырттан алып жаткан 4 миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясынын ордун күндөн, шамалдан алынган электр энергиясы менен толтуралы деп жатабыз. Бул багытта иштер жүрүп, бүгүнкү күндө келишимдер бар. Айта кетсем, Ысык-Көл облусунда бир нече убакытка созулган изилдөө иштери бүтүп, 2 күн станциянын курулушу башталып жатат", — деди Ибраев.
Ал ошондой эле өлкө 2027-жылы электр энергиясы менен өзүн толук камсыздап, экспортко чыгарууну пландап жатканын кошумчалады.