"Колго түшүп калсаңар өлдүңөр го дейм". Инспекторду коркуткан айдоочу кармалды

Кроссовердин айдоочусу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте инспекторду коркуткан BMW X7 машинасынын айдоочусу кечирим сурады.
Кайгуул милициясы жүктөгөн видеодо айдоочу айып пулду укканда ачууланып эмоцияга алдырып жибергенин айтып, кызматкерден жана окуя үчүн кечирим сураган.
"Мыйзамды сыйлайм жана мыйзам менен жашайбыз. Мен тонировкага уруксат алдым", — деген ал.
Кроссовердин айдоочусу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган. Ал инспектор Мирлан Таалайбековдон видеого тартпоону өтүнүп, алар бир айлык маянасын "жеп" койгонун айткан. Анда инспекторду "эй жигиттер, айланып келип колго түшүп калсаңар өлдүңөр го дейм. Жер тоголок да, сенин да бизге ишиң түшөт" деп коркуткан.
Инспектор кишини жаткырып алып сабаган видеого Кайгуул милиция түшүндүрмө берди