Радио

Чакан жана орто бизнес үчүн 7,5 млрд. сом пайызсыз насыя берилди

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков чакан жана орто ишкерликке пайызсыз насыя берүү долбоору 2027-жылга чейин ишке ашып, жалпы 9,5 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты.
Sputnik
"Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында ушул жылдын 1-августуна карата 7,5 миллиард сом пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор 11 коммерциялык банк аркылуу ишке ашырылып, пайызсыз насыяны 10,5 миңден ашык ишкер алды.
"Чакан жана орто ишканаларды колдоо долбоору министрлер кабинетинин антикризистик программасынын алкагында ишке ашууда. Ал 2022-жылдан тарта активдүү аткарылып келе жатат. Ушул жылдын 1-августуна карата 7,5 миллиард сом пайызсыз насыя берилди. Финансы министрлиги тарабынан буга 9,5 миллиард сомдой бөлүнгөн же ал сумма 11 миллион долларды түзөт. Долбоор 11 коммерциялык банк аркылуу ишке ашырылып, пайызсыз насыяны 10,5 миңден ашык ишкер алды. Бишкек шаары боюнча чакан жана орто бизнес үчүн 1 миллиард 458 миллион сом бөлүнсө, андан кийинки орундарда Ош, Жалал-Абад облустары турат", — деди Татиков.
Ошондой эле ал республиканын региондорун өнүктүрүүгө багытталган атайын долбоорлор иштелип жатканын кошумчалады.