Бишкекте сүрөттөгү кийимдерге жан берген "Жанданган мурас" көргөзмөсү өтөт

"Жанданган мурас" долбоору атайын тандалып алынган салттуу кийим же жасалганы изилдеп, салттуу ыкмасын бузбай, көөнө үлгүсүн кайрадан жасап чыгып, түшүнүктүү маалыматы менен элге жайылтууну көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде "Жанданган мурас" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу долбоордун автору, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.
Иш-чара 11-сентябрда саат 11:30да башталып, 16-сентябрга чейин уланат.
"Көргөзмөдө россиялык сүрөтчү Василий Верещагиндин кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн чагылдырган "Колуна шумкар кондурган бай кыргыз аңчысы" сүрөтү көрсөтүлөт. Кол өнөрчүлөр сүрөттөгү каармандын кийимдерине жан берип, колго тигип чыгышкан. "Жанданган мурас" долбоору атайын тандалып алынган салттуу кийим же жасалганы изилдеп, салттуу ыкмасын бузбай, көөнө үлгүсүн кайрадан жасап чыгып, түшүнүктүү маалыматы менен элге жайылтууну көздөйт. Көргөзмөнүн негизги максаты – маданий мурастардын элементтерин сактоо жана калыбына келтирүү, салттуу кол өнөрчүлүк менен алектенген чеберлерди жана сүрөтчүлөрдү колдоо. Коноктор иш-чарадан маданий мурастар жөнүндө кенен маалымат ала алышат", — деди долбоордун автору.
Асангулова долбоордун алкагында кол өнөрчүлөр эски жана тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесине, жасалгаларына кайрадан реконструкция жүргүзүп чыгарын кошумчалады.
"Саякаттаган" чачпак, 200 түлкүнүн бучкагынан тигилген ичик. Кызыктуу видео