Тарыхый мурастын ажырагыс бөлүгү. Бекбосун Жайчыбековго жазылган некролог

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын желегинин авторлорунун бири, сүрөтчү Бекбосун Жайчыбековдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыяланды.
Жайчыбеков Бекбосун Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылында туулган.
1972-жылы Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфия институтун аяктаган.
1983-жылдан тартып "Байчечекей", "Мектеп", "Кыргызстан", "Адабият", "Шам", "Кут аалам" басмаларында улук көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп эмгектенген.
Б. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү иллюстратору болгон. Түркмөнстандын, Беларустун, Казакстандын, АКШнын, Швейцариянын китеп басмаларынын китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык жана эл аралык китеп көргөзмөлөрүн жана конкурстарын жеңип алган.
Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен сыйланган:
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы жана Маданияттын мыкты кызматкери наамдары ыйгарылган;
2011-жылы Даңк ордени менен сыйланган;
2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылган.
Бекбосун Жайчыбеков Мамлекеттик туунун авторлошу катары Кыргызстандын тарыхый мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Анын мамлекетибиздин символун жаратууга кошкон салымы – бул жөн гана сүрөтчүнүн эмгеги эмес, ал баарыбызды бирдиктүү түстөр жана идеялар менен бириктирген патриоттуулуктун үлгүсү.
Ал өзүнүн өнөрү жана таланты менен Кыргызстандын биримдигин, рухун жана баалуулуктарын чагылдырган символдорду түбөлүккө калтырды. Чыгармачылыгында мекенге болгон сүйүүнү туу туткан жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн тереңдиги менен маанисин чагылдырган.
Жайчыбеков Бекбосун Карабековичтин жаркын элеси элибиздин, чыгармачыл интеллигенциянын жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.
Бийлик өкүлдөрү анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Некрологго президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын кызматкерлери жана башкалар кол коюшкан.
Чыңгыз Айтматовдун иниси Илгиз Айтматов дүйнө салды