Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ аналитиги Украинадагы чатактын токтошун божомолдоду

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Россиянын армиясынын ийгиликтери украин аскерлерин Донбасста олуттуу түрдө артка чегинүүгө аргасыз кылууда, алар мындай түр менен бир нече айга гана туруштук бере алат. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Dialogue Works YouTube каналындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия аймактарды гана бошотуп тим болбостон, украин аскерлерин олуттуу темп (же тездик менен) менен артка чегинтүүдө. Ал эми Покровск шаарынын өзү (украинче аталышы Кызыл Арми) россиялыктар качан кирип келет деп күтүп турушат", — деди эксперт.
Жонсондун баамында, Украинанын Куралдуу күчтөрү күн сайын орто эсеп менен 2300дөй аскерин жогото баштады. Ал Россиянын мындай күчтүү аскердик аракеттери улантыла берсе Украина ушундай чоң жоготуулар менен көпкө бара албай турганын, мамлекет катары да сакталып кала албастыгын белгилеген.
"Бул үч-төрт айдын ичинде баары бүтөт", — деп сөзүн жыйынтыктаган аналитик.
Жума күнү Россиянын Коргоо министрлиги Донецк Эл Республикасындагы Журнавка айылын бошоткон. Өткөн жумада дагы алты калктуу конуш аскерлердин көзөмөлүнө алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ЖМК Трамп шайлоодон жеңсе Украинанын келечеги кандай болорун жазды