8-сентябрга карата аба ырайы

8-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жергесинде +14…+19, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25 жана Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.
Бишкекте сүрөттөгү кийимдерге жан берген "Жанданган мурас" көргөзмөсү өтөт